Бакай Алмаз (4)

Бакай Алмаз

Кыялдануу

..Эртең кайра чыга турчу Күндүн ырахатын сезип, буркан-шаркан түшкөн турмуштун ызы-чуусуна көңүл бөлүүгө убактым болбой – ага кажет деле жок абалда – ар бир өткөн көз ирмем, майда-барат көрүнүштөрдөн ырахат алып, телегейим тегиз бактылуу жашап жатам. Жамгыр жаады. Мышыктар суу болду. Жанатан бери жаны тынбай…

Continue reading...
Бакай Алмаз

Көңүлүмө көктөм болуп бер

Бир күнү үйүмө келем. Көптөн бери босогосун эч ким аттай элек бөлмөмө кирип, чоң терезелерди ачам. Күндүн нурун аздектей чакырып, текчедеги гүлдөргө муздак суудан чорголото куюп чыгам. Күндүн батканын тамаша кылам, чымчыктарды кубалап жабыгуулардан качкан болом. Чакандык Муздаткычта жарты помидор турат, идиштин түбүндө азыраак томат…

Continue reading...
Бакай Алмаз

Тыптыйпыл болуунун каалгасында турам

Кээде адамдар сенин ичиңде “өлүшү” керек (экен). Ошого, түйшүгүм жеңилдесин деп, мен үчүн “өлө тургандардын” азасын алдын ала күтүп жүрөм. Жанымдан сууруп чыгара турчу болсом деле... Аза күтүү Мен үчүн “өлө тургандардын” азасын күтүп жүрөм. Кандай тантырак сөз. Баарыбыз биринчи жолу бул өмүрдү жашап, “тажрыйбалап”…

Continue reading...
Бакай Алмаз

Жактыруу

Жактырам. Жашоону толо-таша жашаганды жактырам. Ойгонуп көчөгө чыкканымда абанын мээлүүн, жарык болгонун жакшы көрөм. Көөнөргөн дубалдарынан, балким, унутулууга моюн сунган тарыхый үйлөрдүн жанынан өтүп баратканда көчөдөгү жолбун мышыктардын мага таңыркап караганын, тамак жегендерин караганды жана алардын ар түркүн-түстө экенин көргөндү жактырам. Алардын менден чочуркабай, “кайсыл…

Continue reading...