Гулира Калыкова (5)

Кантип подкаст жаздырууга даярданыш керек

Подкасттын форматын таап, кызыктуу темаларды даярдап, ага конокторду чакырган соң, эми ошол подкаст жаздыруу үчүн кантип даярданыш керек? Ошол жөнүндө бир аз сүйлөшөлү.

Жаздыра турган подкасттын сценарийин даярдоо. Подкаст жаздыруу жолугушуу аныкталган соң, эч кечигүүсү жок, айтылган убакытта баштоо зарыл. Бирок ага чейин, эмне жөнүндө сүйлөшүүлөр болот, кандай темада суроолор бериле турганынаныктап, жазып алуу керек жана ал көзүңүздүн алдында болуш керек. Бир же бир жарым сааттын ичине сүйлөшө ала турган көлөм болсо жакшы. Албетте, баардык суроону бир жолукканда берем деп ойлобоңуз, жаздырып жаткан учурда өзүңүздүн жана коноктун маанайын карап, өзүңүздү алып баруучудай сезип, суроону убагында жана туура бергенге аракет кылыш керек. Кээде, подкастта бере турчу суроолорду алдын ала коноко жиберип койсоңуз дагы жакшы, анда коноко берилген суроо ыңгайсыз болбой, ал даярданып келген болот. Суроолорду барака жазып алсаңыз болот, же болбосо чөнтөк телефонуңузга белгилеп алыңыз. Көп сүйлөгөндөн коркпоңуз, монтаж кылып жатканда, кереги жок жерлерин кесип салса болот. Ал эми айтылбаган сөздү кошкон оорураак келет.

Конок жөнүндө маалымат чогултуңуз Угуучулар, сиз чакырган конокту тааныбай калышы мүмкүн, ошондуктан конок жөнүндө жана анын жасаган иши жөнүндө айтып беришиңиз керек. Ошондо угуучуда кызыгуу пайда болуп, бул подкастты аягына чейин угушум керек деген ой келет. Андан соң, эмне үчүн сиз ушул конокту чакыргандыңыз жөнүндө айтып беришиңиз керек, бул конок угуучулар үчүн кандай пайда алып келет ошону көрсөтө билиңиз.

Өзүңүз жөнүндө айтып бергенден тартынбаңыз Подкаст – бул алып баруучуга ишенүү. Ошондуктан, подкаст башталган соң, өзүңүз жөнүндө жана айтыла турган тема жөнүндө кенен айтып бериңиз. Эксперт экениңизди көрсөтүңүз. Биринчи подкасттарда уялбай, жашооңузда болгон кызыктуу окуяларды айтып берип, угуучуларды өзүңүзгө тартыңыз.

Эмне жөнүндө подкаст болот? Подкаст баштаардын алдында, кыскача, бул подкаст эмне жөнүндө болот экенин анонс катары айтып бериңиз. Бул угуучулардын убактысын үнөмдөйт жана бул чыгарылыштан эмне күтүлөт экени белгиленет. Анонс үзүндүнү сиз аягында жаздырсаңыз болот, анда сиз өтүлгөн темаларды билип, анонс жаздырып, монтаждап кое аласыз.

Кыскача корутунду айтыңыз. Кээде кийинки суроолорду берем деп, айтылып жаткан ойдон алыстап кетпеш үчүн, ар бир чоң суроолор талкуулангандан кийин кыскача корутунду менен аяктаңыз. Муну менен сиз темадан алыстап кетпей жана айтылган сөздү билим катары дагы бир жолу далилдеп кетесиз.

Ката кетиргенден коркпоңуз Подкаст жаздырып жаткан убакытта, жөтөлүп, чүчкүрүп же бир сөздөрдү туура эмес айтып алсаңыз –эч нерсе эмес, бул тирүү сүйлөшүү. Ошодуктан уялбай, кызарбай уланта бериңиз. Мындай учурларда, суроону дагы бир жолу кайталап койсо болот. Кийин монтаждалганда, туура эмес айтылган сөздөрдү өчүрүп, туура сүйлөгөнүн калтырып коебуз.

Жасалма болбоңуз Өзүңүз күнүмдүк жашоодо кандай болсоңуз, подкастты дагы ошондой маанайда жаздырыңыз. Ашыкча эле аракеттенип жатып, алып баруучулукту жасалма сүйлөп салбай, чыныгы үнүңүз менен жакшы сүйлөгөнгө аракет кылыңыз. Сиздин үн уникалдуу – андан уялбаш керек. Подкастта эң негизгиси тема жөнүндө ойлонуп сүйлөшүү. Ал эми сиздин үнүңүз начар болуп калат деп ойлонбой эле коюңуз.

Азамат Токтакунов

Continue reading...

Подкаст. Нейминг

Подкастын аталышы – бул анын жүзү, максаты жана өмүр баяны. Долбоор толугу менен, жада калса сиз өзүңүз да аны менен тыгыз байланыштасыз. Кээде подкасттын концепциясын иштеп чыгуу да анын аталышынан башталат, кээде акыркы чечүүчү штрих болушу мүмкүн. Кандай болсо да, долбоордун аты – анын маанилүү…

Continue reading...

Подкаст жаздырууда үйрөнчүктөрдүн каталары

Кийинкиге жылдырып коюу Амбициялуу максаттарды коюп, кызыктуу меймандарды чакыргандан качпаңыз. Эч болбосо, болгону баш тартышат. Белгилүү бир инсанды мейманга чакыруу же жарнама берүүчүгө кайрылуу, башка блогерлер менен кызматташуу жөнүндө пландарды подкаст ийгиликке жетип, тааныла баштаганда ишке ашырам деп жылдырып коюга болбойт. Проектке катышууга макул болуу…

Continue reading...

Подкасттардын форматтары

Подкасттардын форматтары Подкасттар көркөм сөздүн салыштырмалуу жаш жана өсүп келе жаткан каражаты болуп саналат. Акыры убактарда бул индустрия кеңири жайыла баштады. Кээде подкаст YouTube же телевидениеден кызыктураак экенин айтып келишет. Бүгүнкү күндө видео подкаст, скринкаст жана слайдкасттар да бар. Бирок эң алгачкы жана кеңири жайылган…

Continue reading...

Подкасттагы жарнама

Эң алгачкы подкаст 90-жылдардын башында, интернеттин өркүндөшү менен бирге чыга баштаган. Ал убакта “асинхрондук интернет радио” деп аталчу. Подкастинг көпкө чейин саналуу гана адамдын көңүлун бурдуруп келген (“подкаст” термини 2004-жылы гана колдонулуп баштаган). Кийин iTunes бул форматты жандандырып, подкасттардын аудиториясы акырындан өсө баштаган. Радио-берүүлөрдүн жана…

Continue reading...