"Байлык колдун кири"

Мал-жаның батпай корооңо,
Миллиардер болуп кетсең да.
Куржунга батпай акчалар,
Кудайга колуң жетсе да.

Эл жетпеген укмуш чоң,
Хан-Сарайды курсаң да.
Алдыңа салып тулпарды,
Алыстарга учсаң да.

Ден-соолугуң болбосо ,
Мал-дүйнондон не пайда?!
Балдарың эгер болбосо,

  1. Байлыгыңдан не пайда?!