Эмне үчүн тил үйрөнүшүбүз керек?

Биз учурда технологиянын өнүккөн, цивилизациянын туу чокусуна чыккан бир мезгилде жашап жатабыз. Бизде дүйнөдөгү бардык улуттар менен технологиянын жардамында баарлашуу мүмкүнчүлүгү бар. Эгер сиз саякатка башка өлкөгө чыксаңыз, алардын тилин Google Translate аркылуу түшүнө алабыз. Жасалма интеллекттин себебинен бизде коммуникация кылуунун жаңы инструменттери пайда болду. Демек, колубузда телефон, интернет дайыма биз менен, анда жаңы тил үйрөнүүнүн эмне кереги бар?

Бул маселени бир аз кеңири түшүнүүнү сунуш кылам. Дүйнөдө жүздөгөн тилдерди санашыбыз мүмкүн. Кыргыз тили, англис тили, кытай тили, компьютердин тили, акчанын тили, аялдардын тили 😁 жана башка. Керек болсо, айдап жүргөн унаабыздын тилин үйрөнүшүбүз керек болот жана ал үчүн биз кеминде үч ай убактыбызды сарптап окуйбуз.

Келиңиз, эми дүйнөнүн тили болгон англис тили тууралуу сүйлөшөлү. Мындан 10–20 жыл алдын аталарыбыз ушинтип айтышар эле: "Эптеп бир диплом ал, жумушка орнош дагы ай сайын маянаңды алып, жашоонун кара казанында кайнай бер." Адамдар беш жыл университетте алган билими менен өмүр бою бир жерде таштай катып иштей алган. А бирок азырчы? – Жаңы кесип чыгыптыр деп угабыз, бирок биз өздөштүргөнчө анын да актуалдуулугу жоголот. Жашообузга жасалма интеллект кирип келгенден соң көптөгөн кесиптер жок болуп кетти, дагы көптөрү жоголуу коркунучунда. Биз "тренд" деген сөздү абдан жакшы билебиз. Жаңы машиналар, кесиптер, телефондор жана Инстаграмда баш айланткан миллиондогон видеолор – булардын баары тренд. Эптеп акча чогултуп, ошол машинаны алганча анын ордуна башкасы чыккан болот. Биз ага эч качан кууп жете албайбыз. Анткени жогоруда саналгандар кыска өмүр сүрүүчү тренддер.

Кайсы тил дүйнөлүк деп аталса, демек ал тилдердин арасында тренд. Эң ишенимдүү, узак өмүр сүрүүчү тренд – бул тил. Англис тилин үйрөнүү үчүн орточо эки жыл кетет дейли. Демек, азыр үйрөнүүнү баштасаңыз, 2027-жылы англис тили актуалдуулугун жоготпойт деп ишеним менен айта алам.

Жыйынтык: Келиңиз, эң жакшы тренддердин аркасынан жүрөлү!