Notion - бул эмне, аны кантип колдонуу керек?

Notion бул башкаларга салыштырмалуу жаңы кызмат (сервис) ноталарды жана тексттик документтерди, иштер тизмелерин, маалымат базаларын, электрондук жадыбалдарды, канбан такталарын, билим базаларын, долбоорлорду башкаруу жана кызматташуу үчүн кызмат.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул сиздин электрондук дептериңиз.

Баса, Notion - “ноушн” деп окулат )) “нотион” эмес.

Notionда эмне кылса болот?

Notion'ду канчалык көп колдонсоңуз, ошончолук ар кандай функцияларды жана опцияларды табасыз.

Жеке колдонуу

Notion'дун жеке колдонуу чөйрөсү абдан чоң. Сиз аны жазууларды жүргүзүү, аткарыла турган иштердин тизмесин түзүү, жеке күндөлүк же адат трекер жүргүзүү, үй жумуштарын уюштуруу же жыл үчүн максаттардын тизмесин сактоо кызматы катары колдоно аласыз.

Билим базасы

Жеке сизге ыңгайлуу болгон фильтр жана навигациялар менен өзүңүздүн кичинекей википедияңызды түзүңуз. Сиз аны өзүңүз үчүн долбоорлоп, кесиптештериңиз менен бөлүшө аласыз, жада калса коомдук доменге кое аласыз (бул дээрлик онлайн курс болуп калат). ******

Бул сөздөр азыр сизге түшүнүксүз болушу мүмкүн, бирок бир айдан кийин сиз түшүнөсүз.

Толук маалыматты интернет желесинен издесеңиз ар түркүн маалымат табасыз. Сиз азыр жаңыдан IT дүйнөсүнө кирип баратасыз, интернеттен издегенди үйрөнүнүз, сизге чон жардамы тиет!