Билим алуу (26)

Altynbek Kasymov

“Жашоо өзү адилетсиз”. Билл Гейтстин жаштарга берген 11 кеңеши.

Бир мезгилде дүйнөнүн эң бай адамы катары саналып келген Билл Гейтс жаштардын алдында сүйлөп жатып, мектепте үйрөтүлбөгөн, бирок, жашоодо зарыл болгон эң керектүү 11 эрежени айтып кеткен. Анда эмесе Гейтстин бул алтын эрежелерин назарыңызга сунуш кылабыз. 🔹1. Жашоо өзү адилетсиз – бул фактыны эртерээк кабыл…

Continue reading...
Altynbek Kasymov

Шоро компаниясы кантип эң ири, ийгиликтүү кыргыз компаниясына айлана алды.

Азыркы убакта ШОРО компаниясы эң ири кыргыз компанияларынын бири. Шоро өз продукциясын өлкө ичинде гана эмес чет өлкөлөргө дагы кеңири экспорттоп турат. Мындай ири компаниянын жаралуу тарыхын изилдеп көргөн адам өтө чоң сабак алат. Компания 1992-жылы Табылды жана Жумадыл Эгембердиевдер тарабынан негизделген. Ал убак азыркыдай…

Continue reading...

Илимий издегич ресурстардын тизмеси. Гуглдан башка.

www.refseek.com академиялык ресурстар үчүн издөө системасы. Миллиарддан ашык булактар: энциклопедиялар, монографиялар, журналдарды камтыйт. www.worldcat.org - дүйнөлүк 20 000 китепкананын мазмуну боюнча издөө. Сизге керектүү эң жакын сейрек китеп кайда жайгашканын билип алыңыз. https://link.springer.com - 10 миллиондон ашык илимий документтерге кирүү: китептер, макалалар, изилдөө протоколдору. www.bioline.org.br…

Continue reading...
Айбек Шергазы

Тил үйрөнүүнү кантип жеңилдетүү керек.

Бул статьяда сөз, тил үйрөнүүнү кантип бат өздөштүрүүгө болору жөнүндө болмокчу.  Сөз башынан болсун.  Биринчи кеңеш. Алгач эмоционалдык абалды жөнгө салуу зарыл.  Эгер сизде: «Чет тилди үйрөнүү мага кыйын», же «Мен чет тилинде сүйлөп жатып, өтө көп ката кетирем», же болбосо «Чет тилинде кыйынчылыксыз эркин сүйлөп кетүү…

Continue reading...
Айбек Шергазы

КИТЕП ОКУУНУН ПАЙДАСЫ!!!

📚Ой жүгүртүүнү жогорулатат. Биз канчалык көбүрөк китеп окуган сайын, «эмне деген идеяны бергиси келген» деп ойлонуп , ой жүгүртүүбүз өнүгө баштайт. 📚Стресстен арылууга жардам берет. Жатаар алдында окуп жатсаңыз, психика калыбына келип, тынчтанып калат. 📚Сөз байлыгын көбөйтөт. Ар түрдүү жанрдагы китептерди окуу менен сөз байлыгын…

Continue reading...
Айбек Шергазы

Кандай програмчы жумуш таап кете алат?

​ ⚠️ Учурда көйгөйлүү болгон маселелердин бири, көп суралган суроолордун катарында ушул да бар. Бул суроо көбүнчө “муну окусам жумуш таап кете аламбы?” – деген менен башталат. 🔰 Бул суроого жооп издеп жатып, бул суроого жооп берүүдөн мурда, коомго кандай програмчы керек, жумуш издеп жаткан…

Continue reading...
Айбек Шергазы

Маалымат заманыбы же маалымат таштандысыбы?

​ 🚰 Бир учурда маалымат табуу өтө кыйын эле. Башка жактарда билбейм, айрыкча биздин Нарында эч кандай маалымат табылбайт болчу. Биздин мугалимдер сабакта тапшырма бергенде ушул боюнча “китепканадан эмне тапсаңар жазып келгиле, болбосо шарты барлар Бишкекке барып, Ленин атындагы китепканадан жазып келсеңер болот, болбосо кыйнамай…

Continue reading...
Айбек Шергазы

Кайран, диплом!

Жыйылган эл, сүйүнүшө топураган сенин курсташташтарың, күлмүңдөп сүйүнгөн ата-энелер, төрдө трибуна, микрофону менен, артында агай-эжелериң, баардыгы өз ордунда, официалдуу калыбында. Кече эле чогу окуганы келишкен группалаштарың, четинен чыгышып, сөз сүйлөп, кубанычтары, ийгиликтери, айрым кемчиликтери, алган билими жана жетишкен тажрыйбасы менен бөлүшөт. Аягында дипломун расмий түрдө…

Continue reading...
Айбек Шергазы

Мугалимдин кадыры.

Мамлекеттин өнүгүүсү-өсүшү, эркиндиги, өз алдынчалыгы, мамлекеттик-коомдук маселелерде ээн-эркин саясат жүргүзө алары, экономикалык өсүш жасап, учур талабына ылайык заманбап өнүгүшү үчүн мугалимдин кадыр-баркы олуттуу орунду ээлейт. Дегеле Кыргыз коомчулугунда мугалимдин орду чоң. Бирок, акыркы кезде, айрыкча акыркы 20 жылдыкта мугалимге болгон мамиле терс жакка өзгөрүп, аябай…

Continue reading...
Kauhar Abdybek

Ой жеткен жерге, кол жеткирген мүмкүнчүлүк – онлайн байланыш

Онлайн, оффлайн - мезгил ыргагы менен келген жаңы терминдер. Оффлайн - биз турмушта көнүп калган салттуу көрүнүш. Ал эми онлайн жаңыча жашоо жолдорун көрсөтүүдө. Учурда онлайн, биздин жашообуздан кенен орун алды. Эң жөнөкөй мисал, электр энегиясына төлөө, уюлдук телефонго бирдик салуу, чет жактан товар алуу,…

Continue reading...
Zhanara Kadenova

Дөөлөс Айбек уулу: Максатыбыз коом агартуу, жаштарды илимге кызыктыруу

Дүйнө глобалдашып, технология өнүккөн бүгүнкү заманды илимсиз элестетүү мүмкүн эмес. “Илим – бул илимпоздордун гана иши эмес. Ал жашообуздун ажырагыс бөлүгү”,- дейт Сауд Арабияда электроникалык инженерия тармагында докторантурада билим алып жаткан Дөөлөс Айбек уулу. Учурда Дөөлөс достору менен “Илим Tech” аталган маалыматтык-агартуучу долбоорун иштетет. Долбоордун негизинде алар…

Continue reading...
Zhanara Kadenova

Бекзада Муратбекова: Кыргызстанда психологиялык абал ыйлай турган абалда

Учурда социалдык тармактарда кастык тили көп колдонулуп келет. Колдонуучулардын талкууларга катышып кызыл чеке болушу, кайым айтышы, агрессияга алдырган учурлары арбын. Бул тенденцияны адистер кыргыз коомунда агрессиянын күч алышы менен байланыштырышат. Мунун себеби эмнеде? Эмне үчүн адам кызуу кандуу болот? Агрессиянын тамыры кайда жатат? Мына ушул…

Continue reading...
Zhanara Kadenova

Элира Турдубаева: “Илимий изилдөөлөр электрондук форматка өткөрүлүшү керек”

10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк илим күнү катары белгиленип келет. Кыргызстандагы илим чөйрөсү, анын көйгөйлөрү кандай? Анын өнүкпөй жатканынын себептери жана чечүү жолдору кайсылар? Жаш илимпоздор эмнелерге көңүл бурушу керек? Дал ушул суроолорго Онлайн университетинин негиздөөчүсү, дүйнөлүк бир катар илимий конференциялардын катышуучусу, коммуникация илими боюнча өлкөдөгү эң…

Continue reading...
Zhanara Kadenova

Матанов: "Максатыбыз – Кыргызстанды дүйнөгө «Интеллект» деген мектеп менен таанытуу"

Кыргызстанда акыркы убактарда менталдык арифметканы окуткан окуу борборлору көбөйгөн. Бирок алардын ичинен суурулуп чыгып өздөрүн эл аралык аренада көрсөткөндөр аз. Ошондой сапаттуу билим берип, балдардын жөндөмүн ачкан окуу борборлорунун бири “Интеллект” окуу борбору. Аталган окуу борбордун окуучусу 12 жаштагы Нурболот Исматиллаев өзгөчө жөндөмү менен жакында…

Continue reading...
Zhanara Kadenova

Асылбек Жоодонбеков: «Ата-эне болгонду үйрөнүшүбүз керек» дейт

— Кыргызстанда жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына карасак: массалык маалымат каражаттарында балдар маселеси эки учурда гана чагылдырылган экен. Биринчиси – ийгиликке жеткенде, экинчиси – зордук-зомбулукка кабылып, аянычтуу тагдырга туш болгондо… Балдардын башка маселелери көз жаздымда калып жаткандай… – Бул жагдайды азыркы тапта оң, терс болсо да сенсациялык…

Continue reading...
Zhanara Kadenova

Профессор Сельчук Ширин: “Аралыктан окутуу- жакыр үй-бүлөлөр үчүн чоң кемчилик болууда”

Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстандын 80% калкын аялуу катмар түзөт. Билим берүү министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлүп жатканын айтууда. Мындай үй-бүлөлөрдүн баарын кыска убакыт ичинде камсыздоо албетте, мүмкүн эмес. Татаал шартта балдарына онлайн окутууну камсыздай албаган үй-бүлөлөрдү ким түшүнөт? АКШдагы Нью-Йорк университетинин профессору, билим…

Continue reading...
Zhanara Kadenova

Психолог Сейил Калдыбаева: “Балабызды шыктандыруу аркылуу онлайн окутуудагы стрессти жеңе алабыз”

Пандемия маалында балдарга кандай мамиле жасоо керек? Балдарды онлайн окутууга кантип шыктандыруу керек? Учурда жогорудагы суроолор көп ата-энелерди түйшөлтүп, ата-эне үйдүн, жумуштун, балдарынын түйшүгүн мурункуга салыштырмалуу эки эсе алып жаткан мезгили. Адистердин айтымында, бул маселе ата-эненин психологиялык абалына таасир этип, дистресске жана депрессияга жеткириши мүмкүн.

Continue reading...
Жаныбек Мукаш

"Мени менен оку". Окууга жалкооң кармап жатабы? Бул каналга кошул..

YouTube лентамды карап отуруп, кокустан бул каналга туш келдим. Ал "TheStrive Studies" каналы: Эгер сиз окууга жалкоолонуп жатсаңыз же окуу процесине чөмүлө албай жатсаңыз, ушул каналдагы видеолорду коштотуп, чогуу окуп көрүңүз. Жогорку видеодо, каналдын автору "Помодоро" техникасы менен иштерин бүтүрүп жатат.

Continue reading...
Askar Ernist

АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮГӨ 5 СЕБЕП!

1. Англис тили эл аралык тилдердин бири болуп эсептелинет! Дүйнөдө ар бир бешинчи адам англис тилинде окуп жана аны түшүнө алат. Англис тили 400 миллиондон ашык адамдын эне тили болсо, 50дөн ашык өлкөнүн расмий тили болуп эсептелинет. Дүйнөдөгү чоң семинарлар жана жыйындар англис тилинде уюштурулат,…

Continue reading...
Kalygul Zhunushbekov

Германияга келүүнүн жолдору - Au-pair Программасы

Көптөрдүн суроосу боюнча, Германияга келүүнүн жолдорун тактап, маалымат топтоп даярдап чыктык. Эгерде кошумча маалымат, пайдалуу шилтеме жана тажрыйбаларыңыздан бөлүшө кетсеңиздер кубанабыз! Программанын аты: Au-pair Программанын максаты: немис тилин үйрөнүү жана Германияда жашаган элдин маданиятын таануу, кыргыз маданиятын таанытуу. Студенттер (кыздар жана жигиттер) үй-бүлө менен жашап,…

Continue reading...
Kalygul Zhunushbekov

Германияга келүүнүн жолдору - FSJ (Freiwilliges Soziales Jahr) Программасы

Германияга келүүнүн жолдору боюнча маалымат берүүнү эң алгачкы болуп Au-pair программасынан баштаганбыз. Анын шилтемесин тексттин аягына калтырып коебуз. Эгерде кошумча маалымат, пайдалуу шилтеме жана тажрыйбаларыңыздан бөлүшө кетсеңиздер кубанабыз! Маалымат башкаларга дагы жеткиликтүү болуш үчүн өз баракчаныздарга бөлүшө кетүүнү унутпасаныздар. Программанын аты: FSJ (Freiwilliges Soziales Jahr)…

Continue reading...

Балаңызга китеп окутуп медияны чектеңиз!

Биз бала тарбиялоодо өзүбүздү эксперт деп эсептебейбиз бирок эксперттердин жана тажырыйбалуу педиатрлардын изилдөөлөрүн практика жүзүндө колдонууга аракет кылабыз. Балдарыбыз бала болгонду үйрөнгөндөй эле бизда алар менен чогуу ата-эне болгонду үйрөнүп жатабыз. Бул макалада жазылгандарды жүрөгүңүзгө өтө жакын албаңыз. Биз жөн гана өзүбүз окуган китеп, макала…

Continue reading...
Азамат Токтакунов

18-апрелде Kyrgyz Network академиялык уюмунун кезектеги 4-конференциясы болуп өттү.

Сиздер менен "Илим жана билим өнүгүүнүн башаты" аттуу уюмдун атынан Канжарбек Алдашов жазган отчет менен бөлүшүп, андан соң "Заманбап front end технологиялары - иштөө ыкмасын ылайыкташтыруу" презентациядан кызыктуу Mindmap графика менен бөлүшөм. 18-апрелде Kyrgyz Network академиялык уюмунун кезектеги 4-конференциясы болуп өттү. Бул ирет кырдаалга байланыштуу…

Continue reading...
Kunduz Konurbaeva

Мектеп окуучулары үчүн эң керектүү болгон сайттардын тизмеси.

"Келечек - билимдүү жаштардын колунда. Дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан кырдаалга байланыштуу жалпы республикабыздагы мектеп окуучуларына 8-апрелден баштап, аралыктан билим берүү процесси жүрүп жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Билим берүү жана илим министрлиги сунуштаган электрондук интернет ресурстарынан кененирээк билим алып, өз алдыныздарча, кошумча окуганы, колдонууга сунуштайбыз. “Окууганы китебим…

Continue reading...
Sary Bala

Японияда окуу жөнүндө кыскача маалымат

Саламатсыздарбы биздин контентчилер! Сиздер менен, Японияда окуу боюнча мага белгилүү болгон жолдору менен бөлүшүп коюууну туура көрдүм. Кимдир бирөөлөргө пайдасы тийет деп ойлойм. Бул жакта окуган биздин мекендештер жакшы санда бар. Жалпы Япония боюнча, болжол менен 280 ге жакын тил мектептери бар. Кыска(бир айдан 6…

Continue reading...