
Сынган кылыч
Сынган кылыч чыгармасын төмөнкү шилтеме аркылуу окусаңыз болот: https://new.bizdin.kg/kniga/syngan-kylych
Continue reading...
Сынган кылыч чыгармасын төмөнкү шилтеме аркылуу окусаңыз болот: https://new.bizdin.kg/kniga/syngan-kylych
Continue reading...
Акын-жазуучулардын чыгармачылыкка келиш жолдору эң эле көп түрдүү. Кээ бири балтыр эти ката элек кезинде эле чыгармачылыкка жакын болуп, эл оозуна эрте алынса, кээ бири турмуштун, тагдырдын ар түркүн шартына жараша аралашып калганы бар. Дал ушундай жазуучуларыбыздын бири Тенти Адышева. Адам баласы жарык дүйнөгө келгенде…
Continue reading...
– Айиий балам, кайдан алдың муну? Өзүнө жарашып да калыптыр. – Утуп алдым. – А тепкенди кайдан уйрөндүң эле? Азамат уулум менин. Утуп алдым дейсиңби? Кайдан? Эмне сынак экен? – Мектепте сүрөт тартуу сынагын уюштурушкан, айттым эле го. – Ии. Тиги, баягы айтып атпадың беле.
Continue reading...
Өскөн жери таштак, кум аралашкан талаанын ортосу...күндүн баардык нурлары Жалгыз даракка багытталган сыяктанат. Жамгырды, жааганда аптыгып, ачка калган адам сыяктуу, сууну болгон тамыры менен шимире, шимире ичип, запас топтоп алат...Же кум менен таш бир топуракка окшосо...же суу көпкө сакталбайт, каркыраган ысыкта ыссып, дарактын ичин жандырып,…
Continue reading...
Ыз-з-з-з деп ызылдап, башаламан учкан чымындардын үнүнөн улам, уктап жаткан жеринен көзүн ачып, бир саамга аларга тигиле карап, үнсүз жата берди...колун узатып, сөөмөйүн чымындардын багытын көздөй жылдырып отуруп, өзүнчө бир геометриялык фигураны чийип койгонун деле баамдабады. Аңгыча, өзү да чоң, үнү да бийик чыккан аарыны…
Continue reading...
..Эртең кайра чыга турчу Күндүн ырахатын сезип, буркан-шаркан түшкөн турмуштун ызы-чуусуна көңүл бөлүүгө убактым болбой – ага кажет деле жок абалда – ар бир өткөн көз ирмем, майда-барат көрүнүштөрдөн ырахат алып, телегейим тегиз бактылуу жашап жатам. Жамгыр жаады. Мышыктар суу болду. Жанатан бери жаны тынбай…
Continue reading...Эртеңки күн менен жашайм. Бүгүнкү күнүм менен эмес... Пландарым баарысы эртеңкиге ылайыкталган, бүгүнкүгө эмес... Бүгүнкү менен ишим жок да, негизи, эртең тирүү болсом болду дейм ичимден. Эртеңкимде бармын, бүгүнкүдө жок. Бул күнүм маанисиз, эртеним маанилүү сыяктанат... Кандай сандырак, маанисиз сөздөр ээ? Кантип болсун мындай?. Бирок…
Continue reading...
..... Бул күн бүтүп, эртеңкиге ооп турат... Же болбосо кечээки күн бүтүп, бүгүндүн босогосунда турабыз... Жымжырттыкты сүйгөн жаным, чексиздикке чөмүлүп, түндүн ырахатын жандүйнөмө сиңирип атам... Түндүн өзүнчө бир касиети бар, күндүз ойлонбогон, түбкүрүнө жетпеген, чала калган ойлорду жыйынтыктоочу... Түндүн так ортосунда мончоктой тизмеленген светтер, карангылык…
Continue reading...Мал-жаның батпай корооңо, Миллиардер болуп кетсең да. Куржунга батпай акчалар, Кудайга колуң жетсе да. Эл жетпеген укмуш чоң, Хан-Сарайды курсаң да. Алдыңа салып тулпарды, Алыстарга учсаң да. Ден-соолугуң болбосо , Мал-дүйнондон не пайда?! Балдарың эгер болбосо, Байлыгыңдан не пайда?!
Continue reading...
Бир күнү үйүмө келем. Көптөн бери босогосун эч ким аттай элек бөлмөмө кирип, чоң терезелерди ачам. Күндүн нурун аздектей чакырып, текчедеги гүлдөргө муздак суудан чорголото куюп чыгам. Күндүн батканын тамаша кылам, чымчыктарды кубалап жабыгуулардан качкан болом. Чакандык Муздаткычта жарты помидор турат, идиштин түбүндө азыраак томат…
Continue reading...Гүлүмкан Исаева * * * Өзүмдөн качып жүрсөм, кабар сурап: - кайдасың, тартынчаагым?!- деп коёсуз. Жүрөгүм жүдөп кетти сүйүүдөн да, Бардыгы болбойт окшойт ойдогунун. Көңүлгө көө жугары ырас белем, Түгөнүп калды менде ошол жомок. Сүйүүдөн бир дөбөгө күлү үйүлбөй, Кимдердин оту өчпөдү коломтодо. Тагдырга шылтап…
Continue reading...
Кээде адамдар сенин ичиңде “өлүшү” керек (экен). Ошого, түйшүгүм жеңилдесин деп, мен үчүн “өлө тургандардын” азасын алдын ала күтүп жүрөм. Жанымдан сууруп чыгара турчу болсом деле... Аза күтүү Мен үчүн “өлө тургандардын” азасын күтүп жүрөм. Кандай тантырак сөз. Баарыбыз биринчи жолу бул өмүрдү жашап, “тажрыйбалап”…
Continue reading...
📚Ой жүгүртүүнү жогорулатат. Биз канчалык көбүрөк китеп окуган сайын, «эмне деген идеяны бергиси келген» деп ойлонуп , ой жүгүртүүбүз өнүгө баштайт. 📚Стресстен арылууга жардам берет. Жатаар алдында окуп жатсаңыз, психика калыбына келип, тынчтанып калат. 📚Сөз байлыгын көбөйтөт. Ар түрдүү жанрдагы китептерди окуу менен сөз байлыгын…
Continue reading...
"Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны "- деген кыргыз элимде макал бар эмеспи . Бул деген мүмкүнчүлүк барда көп жерлерди көрүп , эли , маданияты менен өз жеринен таанышуу деп түшүнөм. Улгайып калган адамдардан бул жашоодо эмнеге өкүнөсүз десе көпчүлүгү "Саякат кылып ,…
Continue reading...
Баатыр Манас жердеген Талас өрөөнү жөнүндө азыноолак кеп . Кыргызстандын 7 облусун кыдырып чыгам деген балалык кыялдарымдын бири орундалып , кыш мезгилинин алгачкы айында Талас шаарына баруу мүмкүнчүлүгү буйруду. Бишкек шаарынан Таласка чейин 360 чакырым жолду басып өтүү керек . Бирок 660 чакырым болгон Ош-Бишкек…
Continue reading...
Кеп айтылуу Өтмөк ашуусу жана ал жердеги жаратылыштын «тамашасы» тууралуу болмокчу. Өтмөк ашуусу анча бийик көрүнбөгөнү менен өзгөчө аба ырайы бар. Март айы, жаз келип, күн жылып, бак-дарактар бүр алганы менен, ашууда кыш кырааны өз күчүн көрсөтүп турганы анык. Жаан жаайт, тоолуу аймакка кар түшөт,…
Continue reading...
Жактырам. Жашоону толо-таша жашаганды жактырам. Ойгонуп көчөгө чыкканымда абанын мээлүүн, жарык болгонун жакшы көрөм. Көөнөргөн дубалдарынан, балким, унутулууга моюн сунган тарыхый үйлөрдүн жанынан өтүп баратканда көчөдөгү жолбун мышыктардын мага таңыркап караганын, тамак жегендерин караганды жана алардын ар түркүн-түстө экенин көргөндү жактырам. Алардын менден чочуркабай, “кайсыл…
Continue reading...
Сагын Акматбекова Ырлар Жаңы жазган ырларымды кимдир бирөөлөргө окуп берсем, же гезиттерге чыгып кетсе, ошол ырларым такыр башкача көрүнүп калат. Меники эместей, чоочун боло түшөт. Кол менен жазып болуп, машинкага бир, бирөөлөргө окуп бергенде эки, гезиттерге чыкканда үч өзгөргөнсүйт. Отун жоготконсуйт. Кемчилиги да оркоюп көрүнөт.
Continue reading...
КАГЫЛАЙЫН АПАКЕМ (Эссе) Кайрадан калем кармап, кагазга кадалдым. Кайгым күчөгөн кейибим кетпечүдөй, келбеске кетип калган керемет кишимсиз кайгым кемибекпи?! Кагылайын апакем! СИЗдин «Каралдым балам» деген сөзүӊүздү жок дегенде бир эле жолу болсо да кайра угууга канчалык зар болуп жашап жатканымды эч ким ушул абалымдагыдай элестете…
Continue reading...
Сагын Акматбекованын эсселери Экөө Өтө маанилүү маселелер каралып аткан бир чогулуш. Ал маселелерди талкуулап, эл алдына алып чыга турган он чакты киши төрдөгү президиумда. Ошолордун арасында бир киши. Орто жаш. (Орто жаш деп 40 менен 5Онүн ортосун алсак.) Бирок ал дагы эле жаш көрүнөт, бир…
Continue reading...
Кечиккен кат (Элмирбек Иманалиевге) Канаты жок багынта албас дүйнөдөн, Жараты жок, жаны бүтүн чыккан аз... ...Акынзаадам, ким өз бизге, ким бөтөн? Жүрөгүңдү жүдөттүбү ит талаш? (Жүдөттү го... Кай тарапты караба: Карайган жол, жапыс асман, долу ызгаар. Тагдыр, күйүт ташып жатат талаага, Күүлдөгөн, үңүлдөгөн поюздар). Акынзаадам,…
Continue reading...
Д....га Билесиңби? Билбейсиң сен. Билбегениң дурустур. Мен унчукпай жашаганды үйрөндүм, Сага дагы,Кудайга. Ачканга да жүрөгүмдү Сага гана, Анан жалгыз Кудайга. Билесиңби? Билбейсиң сен. Аялмын мен - аял деген жакшы атымдан, Аруу деген ак атымдан аттап кетпеген. Текеберлик мүнөз эмес, Текеберлик тереңдик. Унчукпастан кыйкыруу, Унчукпастан жактыруу.
Continue reading...
Мен өзүм кандай адаммын? Бул суроону көп берип келеп. Бир окуяны толугураак түшүнүү үчүн анын сыртынан кароо жакшыраак экени анык. Ошол сыяктуу мен да өзүмдү түшүнүү үчүн өзүмдө сырттан карашым керек деп ойлоп калдым. Өзүңдү сырттан кароонун бир жолу - түш. Түшүмдөгү кылган иштеримдин баарын…
Continue reading...
Бир ирмем бар. Жок, бир эмес, бирок 1001 жетпээри анык. Жетпеши керек. Алар тоок мээ болсоң да унутулбай сакталып калат. Сен анда бактылуулук, терең кайгы же толук жан дүйнө тынчытыгын сезгенсиң. Көңүлүң ток, курсагың ток, жылуу жайда олтурганда ал ирмем калкып учуп өтөт. Аны түшүнүү…
Continue reading...
Күн ортодон жылып, саат төрттүн чейреги болуп турган кез. Тоонун боюнда жалгыз сарай жайгашкан, дөңдөн ылдый караса арыктан суу агат, анын жээгинде алма бактар жана теректер тигилген. Ортодо жайгашкан мажүрүм тал, шамал аралаганда жалбырактын жагымдуу шыбырты угулат. Үйдүн ичи тынч, баягы чурулдаган балдардын дабышы угулбайт.
Continue reading...
Таң агарып, айлана жымжырт салкын жел тоонун боорунда уктап жаткан Бегимкулдун бетинен сылап өттү. Колдору тарамыш, арыкчырай орто бойлуу, маңдайы жарык болгон 16жаштагы бала, кичинесинен үй-бүлөдө улуусу болуп, көптөгөн жүктү мойнуна алып жүргөн үчүн сергектик адатка айланган. Анын көздөрү шак ачылып, жараткандын берген ырыскысына ыраазы…
Continue reading...
10-июнь улуу жазуучу Ч. Айтматовдун көзү өткөнүнө он эки жыл болду. Ал арабызда жок. Бирок, залкар жазуучу өлбөс-өчпөс чыгармалары менен адабият ааламында, кыргыз рухунда жана анын чыгармаларынан руханий гүлазык жана руханий тирек тапкан ар бир окурмандын жүрөгүндө жашай бермекчи. Бул эскерүүдө жазуучу менен 28…
Continue reading...
Аалам Айтматовсуз калганына быйыл 10-июнда туура 12 жыл толду. 12 жыл ичинде дүйнөдө өтө көп өзгөрүүлөр болуп өттү. Бирок бир нерсе өзгөрүүсүз бойдон келе жатат. Ал - дүйнөнүн Ч.Айтматовго болгон сүйүүсү, урматы. Залкар инсандын өмүр жолуна жана чыгармачылыгына бөтөнчө ынтызарлык менен кызыккан мен үчүн бул…
Continue reading...