Кесипкөй, чыгармачыл

Контентчи аркылуу карьераңызды жана жашооңузду көтөрүңүз🦋

Автор бол

Turat Alybaev

Программалык камсыздоо инженериясы(Software engineering.) деген эмне?

Компьютердик программалык камсыздоо же жөн эле программалык камсыздоо – бул компьютерге кантип иштөө керектиги жөнүндө маалымат берүүчү маалыматтардын же компьютердик нускамалардын жыйындысы. Башкача айтканда, биз колдонуп жаткан программалардын бардыгы программалык камсыздоо болуп саналат. Программалар белгилүү бир кардар үчүн иштелип чыгышы мүмкүн же жалпы рынок үчүн…

Continue reading...
Кажы-Кужу

IT аркылуу мекендештердин жашоосун өзгөрткөн замандаштар 

Америкадан Сейитбек Усманов, Гавайиден Бакыт Абдишов, Караколдон Тимур Моун жана Германиядан подкаст жаздырган Азамат Токтакунов менен ИТнин келечеги тууралуу суроолорго жооп берип, маалыматтар бөлүшүлдү. 0:08 Азамат Токтакуновдон кириш сөз. Жер жүзүнүн төрт бурчунан коноктор менен ITнин келечеги, кандай иштер жасалды жана дагы кандай иштер болот?…

Continue reading...
Turat Alybaev

🥳 Чыныгы ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК

🚀 Салам урматтуу окурманым, Кудайга шүгүр, бүгүн өлкөбүздүн эгемендүүлүк алган күнү. Бизден жаман жашап жаткан, эгемендүүлүгү жок, эне-тили жок, дили жок, тили жок көптөгөн өлкөлөр бар. Аларды карап туруп шүгүр дебей коё албайм. Андыктан эгемендүүлүк күнүбүз куттуу болсун! 🤔 Бирок, мен бүгүн сиздер үчүн ЧЫНЫГЫ…

Continue reading...
Кажы-Кужу

Германиядагы уюмдар жана алардын кызматташтыгы

Германиядагы кыргыз-казак-герман "Мурас"уюму, кыргыз-герман ИТ уюму жана Гамбург уюмдарынын жетекчилери Гүлмайрам Чигдем, Эркин Карымшак жана Адилет Шаршекеев менен подкастта жолугуп, уюмдардын кызматташтыгы жана федерация түзүү тууралуу ой-пикирин сурадык. 0:05 Азамат Токтакуновдон кириш сөз. Германияда кыргыздарга уюм түзүү кереги барбы? Германияда кыргыздардын 16 уюму бар, уюмдар…

Continue reading...
Кажы-Кужу

Европадагы кыргыздардын конфедерациясын түзүү демилгеси

Кажы-Кужу подкастынын 4-сезонун Европадагы кыргыздардын конфедерациясын түзүү идеясын Азамат Исмаилов, Нурлан Мукаш жана Махабат Садырбек менен талкуулоодон баштадык. 0:05 Жаңы сезон. Азамат Токтакуновдон кириш сөз 1:05 Тааныштыруу. Азамат Исмаилов 2:15 Европада федерация, конфедерация түзүү идеясы кайдан жана кимден келип чыкты? Федерация түзүүгө кандай себептер бар?…

Continue reading...
Turat Alybaev

🚀 АйТинин тармактары

🚀 АйТинин тармактары ⁉️ Учурда көп суралган суроолор. АйТинин кайсы тармагын окусам болот? АйТинин кайсыс тармагы актуалдуу? АйТи деген эмне? Анан кандай тармактары бар? Мага АйТинин бардык тармактарын айтып бериңизчи? ✅ Урматтуу окурманым, негизи АйТи дегенибиз маалымат технологиясы (Information Technology) деген гана сөздүн баш тамгалары.

Continue reading...
Gul Suiutbek

Таштанды...

Ыз-з-з-з деп ызылдап, башаламан учкан чымындардын үнүнөн улам, уктап жаткан жеринен көзүн ачып, бир саамга аларга тигиле карап, үнсүз жата берди...колун узатып, сөөмөйүн чымындардын багытын көздөй жылдырып отуруп, өзүнчө бир геометриялык фигураны чийип койгонун деле баамдабады. Аңгыча, өзү да чоң, үнү да бийик чыккан аарыны…

Continue reading...
Turat Alybaev

АйТи окуу үчүн же программист болуу үчүн кандай ноутбук керектелет?

🔰 Бул суроого мурда да макала жазгам, азыр бул суроо кайрадан эле актуалдуу болуп жаткандыгы үчүн, кыска жана нуска дагы бир ирет маалымат жазып коюуну туура көрүп турам. 🔷 Бул жазгандарым минималдуу талаптар экенин унутпоо керек, програмдоону баштап жаткандар үчүн жарактуу деп эсептелген ноутбуктун талаптарын…

Continue reading...
Бакай Алмаз

Кыялдануу

..Эртең кайра чыга турчу Күндүн ырахатын сезип, буркан-шаркан түшкөн турмуштун ызы-чуусуна көңүл бөлүүгө убактым болбой – ага кажет деле жок абалда – ар бир өткөн көз ирмем, майда-барат көрүнүштөрдөн ырахат алып, телегейим тегиз бактылуу жашап жатам. Жамгыр жаады. Мышыктар суу болду. Жанатан бери жаны тынбай…

Continue reading...
Turat Alybaev

Android иштеп чыгуучулар үчүн 8 программалоо тили

Android системасы үчүн тиркеме жасоочулар Java жана Kotlin менен эле иштеп чыгышпайт экен. Ошондуктан биз бул макалада Андроид тиркемелерди жасоо үчүн колдонулган 8 белгилүү програмдоо тилин тааныштырайын деп турам. Java Бул Андроид иштеп чыгуу үчүн официалдуу тил болуп эсептелет жана Android Studio аны колдойт, ошондой…

Continue reading...
Turat Alybaev

❓ЖРТ баллым 110 го жетпей калды эми эмне кылам?

🤫 Акыркы кездери эң көп суралган суроолордун бирин ушул толуктап жатат. ЖРТ баллым 110 баллга жетпей калды. Же ЖРТдан аз алып калдым. ЖРТсы жок кайсы окуу жайга өтө алам? Университет окуганым жакшыбы? Кайсы коллеж жакшы окутат? Кыскасын айтканда акыркы күндөрү абитуриенттерге жооп бергенден башка иш…

Continue reading...
Erkebek

Уйку жана программалоо

Жумушта отургам. Тапшырмада көңүлүмдү топтой албай, маселени такыр чече албай жаткам, кечке эле алаксып, күндөгүдөй башым иштебей жатты. Уйку менин программалоо жөндөмүмө түздөн-түз таасир этет экенин түшүндүм. Бүгүн таңкы саат 3тө жатып, кайра 7де турган элем. Мына ушул менин бүгүнкү ишиме жана менин натыйжасыздыгыма таасир…

Continue reading...
Turat Alybaev

АйТи окусам жумуш таап кете аламбы?

🔰 Салам урматтуу окурманым, ушуга эле окшош макаланы буга чейин да жазгам, дагы бир ирет жаза кетүүнү туура көрүп турам, анткени дагы деле бул суроо абдан көп келип жаткан учуру. 🔷 Мурда да айтканымдай, азыр да кайталап айтайын азыр жумуш издесеңиз табылбайт, же тагыраак айтканда…

Continue reading...

Мамиледеги бал айынын фазасы канчага созулат?

Эгер сиз качандыр бир мамиледе болуп көргөн болсоңуз, балким, анын башында өнөктөшүңүз идеалдуу болуп көрүнгөн жана башка эч нерсе маанилүү же кызыктуу сезилбеген сыйкырдуу учурду баштан өткөргөнсүз, башкача айтканда, бал айы деп аталган фазаны. Эгер сиз дагы эле окуп жатсаңыз, бал айынын фазасы токтой баштаганда,…

Continue reading...
Gul Suiutbek

Тирүүлүк

Эртеңки күн менен жашайм. Бүгүнкү күнүм менен эмес... Пландарым баарысы эртеңкиге ылайыкталган, бүгүнкүгө эмес... Бүгүнкү менен ишим жок да, негизи, эртең тирүү болсом болду дейм ичимден. Эртеңкимде бармын, бүгүнкүдө жок. Бул күнүм маанисиз, эртеним маанилүү сыяктанат... Кандай сандырак, маанисиз сөздөр ээ? Кантип болсун мындай?. Бирок…

Continue reading...
Конок Пост

Түн ..

..... Бул күн бүтүп, эртеңкиге ооп турат... Же болбосо кечээки күн бүтүп, бүгүндүн босогосунда турабыз... Жымжырттыкты сүйгөн жаным, чексиздикке чөмүлүп, түндүн ырахатын жандүйнөмө сиңирип атам... Түндүн өзүнчө бир касиети бар, күндүз ойлонбогон, түбкүрүнө жетпеген, чала калган ойлорду жыйынтыктоочу... Түндүн так ортосунда мончоктой тизмеленген светтер, карангылык…

Continue reading...
Конок Пост

"Байлык колдун кири"

Мал-жаның батпай корооңо, Миллиардер болуп кетсең да. Куржунга батпай акчалар, Кудайга колуң жетсе да. Эл жетпеген укмуш чоң, Хан-Сарайды курсаң да. Алдыңа салып тулпарды, Алыстарга учсаң да. Ден-соолугуң болбосо , Мал-дүйнондон не пайда?! Балдарың эгер болбосо, Байлыгыңдан не пайда?!

Continue reading...
Сагындык

Мекендештер менен жолугушуу

Убакыт деген чындыгында укмуштуудай нерсе экен. Кече эле келгендей сезилгени менен Европанын так ортосунда жергиликтүүлөр айтмакчы Дойчланд мамлекетинде жашап жатканыбызга 8 айдын жүзү болуптур. Буга чейин Германиянын жайын , күзүн көрсөк бул жолкусунда кышын , жазын көрүү буйруптур. Жогорку денгээлдеги инфраструктура , готика , барокко…

Continue reading...
Сагындык

9 евролук билет

Эшегине жараша тушагы деген сыңары ар бир мамлекеттин денгээлине жараша өзүнүнүн көйгөйү болот тура. Июнь айынан тарта Германияда болуп жаткан энергетикалык кризистин таасирин жумшартуу үчүн жалпы өлкө ичинде коомдук транспортто жүрү акысы 9€ болуп калды. Салыштыруу үчүн буга чейин 25 мүнөттүк шаар аралык поездге 1…

Continue reading...
Сагындык

Мен эңсеген үйлөнүү той

Жашоо чындыгында эле ары тан калычтуу, ары кызык нерсе. 23 жаш эми тойлор башталып, досторум жаны гана үй-бүлөө куруп баштаган кез. Ушул күнгө чейин бир нече досум үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүштү. Башка мамлекетте болуп калып жана башка ар кандай себептер менен тилекке каршы эч бара…

Continue reading...
Turat Alybaev

💻 Технология билим алууга тоскоолбу?

🔷 Каалайбызбы же каалабайбызбы айырмасы жок, биз технология менен аралашып калдык. Технология бүгүн биздин жашообузга кирип калды. 🔷Ооба, телевизор, телефон, компьютер булар балдарыбыздын билим алуусуна чоң тоскоолдук кылып жаткандай сезилиши мүмкүн. Ошондуктан, айрым нерселерди балдарыбызга чектегендин коркунучу деле жок. Бул жерде бир аз карама-карышыктар болушу…

Continue reading...
Turat Alybaev

АйТи жолубуз тууралуу

💻 АйТи жолубуз тууралуу дагы бир ирет айтып берейин деп чечтим. Кыргыз тилчи мугалимден кантип АйТиге өткөнүмдү көпчүлүк эле билип калды, билбегендер үчүн кыскача айта турган болсом, карантинде үйдө бош отурбай АйТи окуп, бул тармак менен жакындан таанышкам. Алгач Жылдыз Академи менен бирге фронтенд тармагын…

Continue reading...

Адамдардын сизге суктануусуна себеп болгон 9 тымызын нерсе

Эпсиз өспүрүм болгонум мени адамдын жүрүм-турумуна катуу кызыгууга мажбур кылды. Адамдар тез тыянак чыгарышат жана биз мындан пайдаланып, карым-катнашыбызды бекемдей алабыз. Бир аз кошумча маалымат сиздин жашооңузду өзгөртөт: Ачууланууга шашылсаңыз, урмат-сыйыңызды жоготосуз. Буга жол бербөө - мен "Боштук" деп атаган нерсени багуу. Реактивдүү адамдарда ал…

Continue reading...

Кантип подкаст жаздырууга даярданыш керек

Подкасттын форматын таап, кызыктуу темаларды даярдап, ага конокторду чакырган соң, эми ошол подкаст жаздыруу үчүн кантип даярданыш керек? Ошол жөнүндө бир аз сүйлөшөлү.

Жаздыра турган подкасттын сценарийин даярдоо. Подкаст жаздыруу жолугушуу аныкталган соң, эч кечигүүсү жок, айтылган убакытта баштоо зарыл. Бирок ага чейин, эмне жөнүндө сүйлөшүүлөр болот, кандай темада суроолор бериле турганынаныктап, жазып алуу керек жана ал көзүңүздүн алдында болуш керек. Бир же бир жарым сааттын ичине сүйлөшө ала турган көлөм болсо жакшы. Албетте, баардык суроону бир жолукканда берем деп ойлобоңуз, жаздырып жаткан учурда өзүңүздүн жана коноктун маанайын карап, өзүңүздү алып баруучудай сезип, суроону убагында жана туура бергенге аракет кылыш керек. Кээде, подкастта бере турчу суроолорду алдын ала коноко жиберип койсоңуз дагы жакшы, анда коноко берилген суроо ыңгайсыз болбой, ал даярданып келген болот. Суроолорду барака жазып алсаңыз болот, же болбосо чөнтөк телефонуңузга белгилеп алыңыз. Көп сүйлөгөндөн коркпоңуз, монтаж кылып жатканда, кереги жок жерлерин кесип салса болот. Ал эми айтылбаган сөздү кошкон оорураак келет.

Конок жөнүндө маалымат чогултуңуз Угуучулар, сиз чакырган конокту тааныбай калышы мүмкүн, ошондуктан конок жөнүндө жана анын жасаган иши жөнүндө айтып беришиңиз керек. Ошондо угуучуда кызыгуу пайда болуп, бул подкастты аягына чейин угушум керек деген ой келет. Андан соң, эмне үчүн сиз ушул конокту чакыргандыңыз жөнүндө айтып беришиңиз керек, бул конок угуучулар үчүн кандай пайда алып келет ошону көрсөтө билиңиз.

Өзүңүз жөнүндө айтып бергенден тартынбаңыз Подкаст – бул алып баруучуга ишенүү. Ошондуктан, подкаст башталган соң, өзүңүз жөнүндө жана айтыла турган тема жөнүндө кенен айтып бериңиз. Эксперт экениңизди көрсөтүңүз. Биринчи подкасттарда уялбай, жашооңузда болгон кызыктуу окуяларды айтып берип, угуучуларды өзүңүзгө тартыңыз.

Эмне жөнүндө подкаст болот? Подкаст баштаардын алдында, кыскача, бул подкаст эмне жөнүндө болот экенин анонс катары айтып бериңиз. Бул угуучулардын убактысын үнөмдөйт жана бул чыгарылыштан эмне күтүлөт экени белгиленет. Анонс үзүндүнү сиз аягында жаздырсаңыз болот, анда сиз өтүлгөн темаларды билип, анонс жаздырып, монтаждап кое аласыз.

Кыскача корутунду айтыңыз. Кээде кийинки суроолорду берем деп, айтылып жаткан ойдон алыстап кетпеш үчүн, ар бир чоң суроолор талкуулангандан кийин кыскача корутунду менен аяктаңыз. Муну менен сиз темадан алыстап кетпей жана айтылган сөздү билим катары дагы бир жолу далилдеп кетесиз.

Ката кетиргенден коркпоңуз Подкаст жаздырып жаткан убакытта, жөтөлүп, чүчкүрүп же бир сөздөрдү туура эмес айтып алсаңыз –эч нерсе эмес, бул тирүү сүйлөшүү. Ошодуктан уялбай, кызарбай уланта бериңиз. Мындай учурларда, суроону дагы бир жолу кайталап койсо болот. Кийин монтаждалганда, туура эмес айтылган сөздөрдү өчүрүп, туура сүйлөгөнүн калтырып коебуз.

Жасалма болбоңуз Өзүңүз күнүмдүк жашоодо кандай болсоңуз, подкастты дагы ошондой маанайда жаздырыңыз. Ашыкча эле аракеттенип жатып, алып баруучулукту жасалма сүйлөп салбай, чыныгы үнүңүз менен жакшы сүйлөгөнгө аракет кылыңыз. Сиздин үн уникалдуу – андан уялбаш керек. Подкастта эң негизгиси тема жөнүндө ойлонуп сүйлөшүү. Ал эми сиздин үнүңүз начар болуп калат деп ойлонбой эле коюңуз.

Азамат Токтакунов

Continue reading...
Бакай Алмаз

Көңүлүмө көктөм болуп бер

Бир күнү үйүмө келем. Көптөн бери босогосун эч ким аттай элек бөлмөмө кирип, чоң терезелерди ачам. Күндүн нурун аздектей чакырып, текчедеги гүлдөргө муздак суудан чорголото куюп чыгам. Күндүн батканын тамаша кылам, чымчыктарды кубалап жабыгуулардан качкан болом. Чакандык Муздаткычта жарты помидор турат, идиштин түбүндө азыраак томат…

Continue reading...

Сүрөттөр кайтарылды✨

Биз Контентчи 3.0гө көчкөндө кээ бир колдонуучулардын жазган макалаларынан сүрөттөрү жоголуп кеткен. Эми биз ал сүрөттөрдү кайтарып койдук. Сураныч, эгер дагы деле көйгөйгө учурап жатсаңыздар биздин даркке кайрылыңыздар: kontentchicom@gmail.com

Continue reading...

Подкаст. Нейминг

Подкастын аталышы – бул анын жүзү, максаты жана өмүр баяны. Долбоор толугу менен, жада калса сиз өзүңүз да аны менен тыгыз байланыштасыз. Кээде подкасттын концепциясын иштеп чыгуу да анын аталышынан башталат, кээде акыркы чечүүчү штрих болушу мүмкүн. Кандай болсо да, долбоордун аты – анын маанилүү…

Continue reading...

Подкаст. Алып баруучу жана меймандар.

Подкаст жаздыруу кантип башталган жөнүндө макаланы окусаңыздар, анда бул макала анын уландысы. Эми биз алып баруучу жана меймандар жөнүндө сүйлөшөбүз. Кандай формат тандабаңыз, кандай сонун микрофон болбосун – эң негизгиси, бул ошол подкастты ким алып барат жана ага кандай меймандар келет? Алып баруучуда кандай сырлар…

Continue reading...

Компьютерде көпкө отуруу көзгө зыян алып келеби?

Кокустан көптөн бери контент чыгарбай калган коллегамдын видеосун көрүп калып, "Кургак көз оорусу" жөнүндө уктум. Ата-энем компьютерге көп отурба, көзүң бузулат деп айтып калса ишенчү эмес элем. Канчалык санариптештирүү актуалдуу болгон сайын, анын кесепеттерине баары бир даяр болушубуз керек экен. mayoclinic сайтынан алган маалыматым боюнча…

Continue reading...

Жапон өнөр-жай дизайнери: Наото Фукасава

Наото Фукасаванын минималисттик өнөр-жай дизайндары Apple, Hitachi жана Toshiba гиганттары үчүн эргүү булагы болуп саналат. Наото супер аскеттик жашоо маданиятынын жактоочусу. Заманбап дизайнга тийгизген таасири боюнча Фукасава Дитер Рамстан кем калышпайт. Эмне үчүн ал Кыргызстанда популярдуу эмес, табышмак. Наотонун долбоорлору катуу эстетикага, аскеттик формаларга, минималисттик…

Continue reading...
Контентчи

Адамдар сизди көбүрөөк урматташы үчүн 10 тымызын нерсе

Мен көп жылдар бою ыңгайсыздык менен адамдын жүрүм-туруму жөнүндө көп нерсени үйрөндүм. Кандай адам экениңизди тез эле баалоо үчүн адамдар сиз жөнүндө көп нерсени билишинин кереги жок. Күнүмдүк жүрүм-турумуңузга бир нече тымызын өзгөртүүлөрдү киргизүү менен, мындан пайдалана аласыз. Бул адамдардын сиз жөнүндө түшүнүгүн жакшыртат: Сырткы…

Continue reading...

Илимий издегич ресурстардын тизмеси. Гуглдан башка.

www.refseek.com академиялык ресурстар үчүн издөө системасы. Миллиарддан ашык булактар: энциклопедиялар, монографиялар, журналдарды камтыйт. www.worldcat.org - дүйнөлүк 20 000 китепкананын мазмуну боюнча издөө. Сизге керектүү эң жакын сейрек китеп кайда жайгашканын билип алыңыз. https://link.springer.com - 10 миллиондон ашык илимий документтерге кирүү: китептер, макалалар, изилдөө протоколдору. www.bioline.org.br…

Continue reading...

Подкаст жаздырууда үйрөнчүктөрдүн каталары

Кийинкиге жылдырып коюу Амбициялуу максаттарды коюп, кызыктуу меймандарды чакыргандан качпаңыз. Эч болбосо, болгону баш тартышат. Белгилүү бир инсанды мейманга чакыруу же жарнама берүүчүгө кайрылуу, башка блогерлер менен кызматташуу жөнүндө пландарды подкаст ийгиликке жетип, тааныла баштаганда ишке ашырам деп жылдырып коюга болбойт. Проектке катышууга макул болуу…

Continue reading...

Подкасттардын форматтары

Подкасттардын форматтары Подкасттар көркөм сөздүн салыштырмалуу жаш жана өсүп келе жаткан каражаты болуп саналат. Акыры убактарда бул индустрия кеңири жайыла баштады. Кээде подкаст YouTube же телевидениеден кызыктураак экенин айтып келишет. Бүгүнкү күндө видео подкаст, скринкаст жана слайдкасттар да бар. Бирок эң алгачкы жана кеңири жайылган…

Continue reading...

iPod кетти, подкаст кеттиби?

2022 жылдын 10 майынан тарта, Apple iPod чыгарылбай тураарын билдириптир. Музыка угуу маданиятына гана эмес подкаст угуу, жада калса подкаст сөзүнүн келип чыгышына да таасир берген гаджеттин чыгарылуусу токтотулду. Айтмакчы "подкаст" сөзү да "iPod" жана "broadcast" сөздөрүнөн келип чыккан. Жок. Бирок, iPod өтө кызыктуу тарыхты…

Continue reading...

Подкасттагы жарнама

Эң алгачкы подкаст 90-жылдардын башында, интернеттин өркүндөшү менен бирге чыга баштаган. Ал убакта “асинхрондук интернет радио” деп аталчу. Подкастинг көпкө чейин саналуу гана адамдын көңүлун бурдуруп келген (“подкаст” термини 2004-жылы гана колдонулуп баштаган). Кийин iTunes бул форматты жандандырып, подкасттардын аудиториясы акырындан өсө баштаган. Радио-берүүлөрдүн жана…

Continue reading...

Вотсап шилтемеге кантип текст бекитсе болот?

Вотсап текстке мындай шилтеме жасаш керек болуп, бирок кандай кылынат экендигин билбей жатсаңыз, бул шилтеме сиз үчүн. Вотсаптын официалдуу сайтында мындай инструкция берилген: Чат башташ үчүн: https://wa.me/1XXXXXXXXXX бул жерде 1XXXXXXXXXX ордуна сиз өз номуруңузду коёсуз. Мисалы мындай: 996555139603 Даяр кат менен ачылышы үчүн: https://wa.me/1XXXXXXXXXX?text=Мен%20сиздин%20кызматыңызга%20кызыктармын бул…

Continue reading...

Санарип көчмөн деген ким?

Санариптик көчмөндөр көбүнчө жаш адамдар жана билим экономикасынын көпчүлүк тармактарында иштешет: маркетинг, дизайн, IT, жазуу, медиа, репетитордук жана консалтинг. MBO Partners компаниясынын 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, АКШда 10,9 миллион санариптик көчмөн бар жана дагы 19 миллион америкалык санариптик көчмөндөрдүн жашоо образын караштырып жатканын билдиришкен. Санариптик көчмөндөр…

Continue reading...

Инвестиция деген эмне?

Инвестиция - бул белгилүү бир убакыт ичинде нарктын өсүшүнө жетүү үчүн активдин арналышы. Инвестиция убакыт, акча же күч сыяктуу колдогу активдерди курмандыкка чалууну талап кылат. Каржы тармагында инвестирлөөнүн максаты жумшалган активден киреше табуу болуп саналат. Жооп(инвестиңиянын рентабелүдүүлүгү, англ. ROI) мүлктү, инвестицияларды сатуудагы кирешеден(пайдадан) же жоготуудан,…

Continue reading...

Не только потребление: пять нестандартных торговых центров

Сегодня все больше горожан обращаются к осознанному потреблению, а модель торгового центра как главной точки притяжения любого района уходит в прошлое. Тем не менее, среди этих объектов можно найти сооружения, которые бережно работают с городским пространством и даже имеют шансы когда-нибудь стать памятниками архитектуры. Losko выбрал…

Continue reading...

10 книг по архитектуре и урбанистике, которые научат понимать город

Автор: Юлия Кутырева Если все лекции лауреатов Притцкеровской премии на TED Talks давно просмотрены, все гиды по Москве давно прочитаны, а интерес к архитектуре и урбанистике не угасает, ниже вы найдете подборку из 10 книг, которые написаны профессионалами для архитекторов и урбанистов, а также для любителей и интересующихся.

Continue reading...
Aizat Kudaiberdi

Бакыт дешкен мага сенин атыңды...

Гүлүмкан Исаева * * * Өзүмдөн качып жүрсөм, кабар сурап: - кайдасың, тартынчаагым?!- деп коёсуз. Жүрөгүм жүдөп кетти сүйүүдөн да, Бардыгы болбойт окшойт ойдогунун. Көңүлгө көө жугары ырас белем, Түгөнүп калды менде ошол жомок. Сүйүүдөн бир дөбөгө күлү үйүлбөй, Кимдердин оту өчпөдү коломтодо. Тагдырга шылтап…

Continue reading...
Бакай Алмаз

Тыптыйпыл болуунун каалгасында турам

Кээде адамдар сенин ичиңде “өлүшү” керек (экен). Ошого, түйшүгүм жеңилдесин деп, мен үчүн “өлө тургандардын” азасын алдын ала күтүп жүрөм. Жанымдан сууруп чыгара турчу болсом деле... Аза күтүү Мен үчүн “өлө тургандардын” азасын күтүп жүрөм. Кандай тантырак сөз. Баарыбыз биринчи жолу бул өмүрдү жашап, “тажрыйбалап”…

Continue reading...
Айбек Шергазы

Тил үйрөнүүнү кантип жеңилдетүү керек.

Бул статьяда сөз, тил үйрөнүүнү кантип бат өздөштүрүүгө болору жөнүндө болмокчу.  Сөз башынан болсун.  Биринчи кеңеш. Алгач эмоционалдык абалды жөнгө салуу зарыл.  Эгер сизде: «Чет тилди үйрөнүү мага кыйын», же «Мен чет тилинде сүйлөп жатып, өтө көп ката кетирем», же болбосо «Чет тилинде кыйынчылыксыз эркин сүйлөп кетүү…

Continue reading...
Айбек Шергазы

Кыргыз байыркы эл.

(Тилдин, дилдин тазалыгы жөнүндө) Ооба, узун тарыхы бар, көрөңгөлүү эл экенибизде талаш жок. Биздин тарыхты, өзүбүз үзүлө түшүп издебегенибиз менен, өзүбүз кызыгып аныгына жетүүгө жетиштүү деңгээлде аракет кылбаганыбыз менен, бул тарыхий чындык. Улам ар жерден, андан мындан терең катылган доор катмарларынан кээ-кээде «мен бармын» дегенсип…

Continue reading...

Apple логотиби кантип жаралган: алгачкы чындык.

Aplle логотибинин мааниси боюнча ар кандай легендалуу тарыхтар айтылып келет. Мисалы: информатиканын негиздөөчүсү Алан Тьюрингдин тиштелген алма колунда калып көз жумуусу, Адам менен Еванын алгачкы күнөөсү. Ошентсе да, дизайнер Роб Яновтун иштеп чыккан логотибтин рационалдуу түшүндүрмөсү бар. Logo Design Love: Apple логотиби сиз ойлоп тапкан…

Continue reading...
Айбек Шергазы

КИТЕП ОКУУНУН ПАЙДАСЫ!!!

📚Ой жүгүртүүнү жогорулатат. Биз канчалык көбүрөк китеп окуган сайын, «эмне деген идеяны бергиси келген» деп ойлонуп , ой жүгүртүүбүз өнүгө баштайт. 📚Стресстен арылууга жардам берет. Жатаар алдында окуп жатсаңыз, психика калыбына келип, тынчтанып калат. 📚Сөз байлыгын көбөйтөт. Ар түрдүү жанрдагы китептерди окуу менен сөз байлыгын…

Continue reading...
Контентчи

Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобстун акыркы сөздөрү

Миллиардер Стив Жобс 56 жашында уйку безинин рагынан каза болду. Ал оору менен 8 жылдан ашык күрөшүп, кээ бир доктурлар болжолдогондон да узак жашай алды. Ал эми бул жерде анын акыркы сөздөрү: «Мен бизнес дүйнөсүндө ийгиликтин туу чокусуна жеттим, башкалардын көзүндө менин жашоом – ийгиликтин…

Continue reading...
Жаныбек Мукаш

Эмнеге мен ойлогондой болбоду?

Эртең менен туруп, Стив Жобстун университетте сүйлөгөн сөздөрүн уктум. Мени аябай таасирлентти. Азыр отуруп, мен кылып жаткан долбоорлор жөнүндө ой жүгүрткүм келди. Стив Жобс айткандай эле, мен бардык ишти сүйүү менен аткарат элем. Себеби, бардык иш менин тандоом болчу. Бирок кепти ал жөнүндө эмес, ошол…

Continue reading...